"Эртең, 9-майда өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканда сүрөт, видео тартууга, дрон учурууга тыюу салынды", - деген маалыматты бүгүн, 8-майда Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы таратты. Анда мамлекет башчы "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин сүрөт, видео тартууга уруксат берилери, дрон учурууга баштан-аяк тыюу салынары, эгерде учурулса, дрон атып түшүрүлө турганы айтылган. Көпчүлүк журналисттер, жарандык активисттер бул тыюуну негизсиз деп сыпаттап, сындай башташкан.
Андан кийин SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиевага кайрылганда, бул билдирүүнү четке какты. Ал ири иш-чаралардын журналисттер тарабынан чагылдырылышына тыюу салынбай турганын айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эртең өтчү иш-чарада президентти сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынганы негиздүүбү?" деген собол салды.
Депутат Мирлан Жээнчороев президентти сүрөт жана видеого тартууга тыюу салуу аша чапкандык деген пикирин айтты.
“Дайыма ачык-айкын болуп келген нерсе ачык бойдон калганы эле оң. Дронду учурууга тыюу салынгандыгы коопсуздукту сактоо максатында болсо керек, бирок сүрөт, видеого тартууга тыюу салганы аша чапкандык деген ойдомун. Мисалы, ар бир адамдын мобилдик телефону, жеке камералары бар, анан аларга кандай тоскоолдук жана жоопкерчилик болот?
Шаардык кеңештин укугуна андай тыюу салуу кирбейт, алардын ишмердүүлүгүнө көчөлөрдү жабуу кирет. Тыюу салууну президенттин коопсуздугун камсыздоочу кызматтар гана коё алат. Бирок негизинен президент катышкан иш-чарада дронду учурууга тыюу салуу бир гана бизде эмес, башка өлкөлөрдө да бар. Себеби президент өзгөчө кайтарылуучу кызматтагы адам. Ал эми сүрөт, видеого тартууга тыюу салууга президент өзү деле каршы болсо керек. Себеби буга чейин ал өзү сүрөт көтөрүп алып, бул акцияга катышканын көптөгөн ЖМКлардан көргөнбүз. Мындай тыюу салынгандыгы аша чабуу”, - дейт депутат.
Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеев, укук коргоочу Рита Карасартова, "Медиа Полиси институту" уюмунун жетекчиси Бегайым Үсөнова, журналист Турат Акимовдун пикири бул топтомдо.