"Өлбөс полкто" президентти сүрөт, видеого тартууга тыюу салуу анын тегерегиндегилердин демилгеси деп ойлойм" дейт Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов

"Эртең, 9-майда өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканда сүрөт, видео тартууга, дрон учурууга тыюу салынды", - деген маалыматты бүгүн, 8-майда Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы таратты. Анда мамлекет башчы "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин сүрөт, видео тартууга уруксат берилери, дрон учурууга баштан-аяк тыюу салынары, эгерде учурулса, дрон атып түшүрүлө турганы айтылган. Көпчүлүк журналисттер, жарандык активисттер бул тыюуну негизсиз деп сыпаттап, сындай башташкан.

Андан кийин SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиевага кайрылганда, бул билдирүүнү четке какты. Ал ири иш-чаралардын журналисттер тарабынан чагылдырылышына тыюу салынбай турганын айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эртең өтчү иш-чарада президентти сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынганы негиздүүбү?" деген собол салды. Суроого Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов жооп берди. Айтымында, “Өлбөс полк” акциясында президентти сүрөткө, видеого тартууга уруксат берилиши керек.

“Аталган акцияга президент бир жыл мурун деле катышкан. Бир жыл өткөндөн кийин эмне өзгөрүү болуп кетмек эле? Муну сөз эркиндигине болгон чектөө катары караса болот. Президентти сүрөткө, видеого тартууда, дрон учурууда анын коопсуздугуна залака тийбейт. Уруксат берилиши керек болчу. Бул президенттин демилгеси менен болгон жок деп ойлойм. Анын тегерегиндегилердин демилгеси. Алар аша чапкандык менен туура эмес кадамга барып жатышат”, - дейт Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, журналист Мирбек Айтикеев, укук коргоочу Рита Карасартова, "Медиа Полиси институту" уюмунун жетекчисиБегайым Үсөнова, журналист Турат Акимовдун пикири бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан