"Өлбөс полк" акциясына президент келет деп бардык чектөөлөрдү киргизүү - акылга сыйбаган нерсе" дейт журналист Мирбек Айтикеев

"Эртең, 9-майда өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканда сүрөт, видео тартууга, дрон учурууга тыюу салынды", - деген маалыматты бүгүн, 8-майда Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы таратты. Анда мамлекет башчы "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин сүрөт, видео тартууга уруксат берилери, дрон учурууга баштан-аяк тыюу салынары, эгерде учурулса, дрон атып түшүрүлө турганы айтылган. Көпчүлүк журналисттер, жарандык активисттер бул тыюуну негизсиз деп сыпаттап, сындай башташкан.

Андан кийин SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиевага кайрылганда, бул билдирүүнү четке какты. Ал ири иш-чаралардын журналисттер тарабынан чагылдырылышына тыюу салынбай турганын айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эртең өтчү иш-чарада президентти сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынганы негиздүүбү?" деген собол салды.

Бул боюнча журналист Мирбек Айтикеев “Өлбөс полк” акциясы бул коомдук башталгычтагы иш-чара экенин айтты.

“Бул иш-чараны коомчулук өзү бир нече жылдан бери уюштуруп келет. Ал эми президент кааласа ал иш-чарага бара берсе болот. Ага эч ким тоскоолдук жаратпайт. Ошол эле учурда жарандарды текшерип киргизип, жолдон акцияга кошулабыз дегендерге чектөө киргизгени туура эмес. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сүрөткө, видеого тартууга чектөө болбош керек. Президент келет деп бардык чектөөлөрдү киргизүү - акылга сыйбаган, иш-чаранын беделине көлөкө түшүрө турган нерсе. Негизинен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү президентти сүрөткө, видеого тартканга куштар эмес. Алар болгону иш-чараны тартышат. Биз мындай нерсеге жол бербешибиз керек. Өзбекстанда дрон учургандар жоопкерчиликке тартыла турганын уктук. Ошондо Өзбекстан же башкалардан үлгү алып жатабызбы? Биз ачык коом кура турган башка өлкөбүз. Эркиндикти сүйгөн элдин баалуулугун сактап калышыбыз шарт. Биз Кокон хандыгына кайтпайбыз, кайтарабыз дегендер жаңылышат”, - дейт Айтикеев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, укук коргоочу Рита Карасартова, "Медиа Полиси институту" уюмунун жетекчиси Бегайым Үсөнова, журналист Турат Акимовдун пикири бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан