"Эртең, 9-майда өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканда сүрөт, видео тартууга, дрон учурууга тыюу салынды", - деген маалыматты бүгүн, 8-майда Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы таратты. Анда мамлекет башчы "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин сүрөт, видео тартууга уруксат берилери, дрон учурууга баштан-аяк тыюу салынары, эгерде учурулса, дрон атып түшүрүлө турганы айтылган. Көпчүлүк журналисттер, жарандык активисттер бул тыюуну негизсиз деп сыпаттап, сындай башташкан.
Андан кийин SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиевага кайрылганда, бул билдирүүнү четке какты. Ал ири иш-чаралардын журналисттер тарабынан чагылдырылышына тыюу салынбай турганын айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эртең өтчү иш-чарада президентти сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынганы негиздүүбү?" деген собол салды. Суроого укук коргоочу Рита Карасартова жооп берип, президент өзү каалап катышып жаткандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ишине тоскоолдук жаратпашы керек деген пикирде.
“Мыйзамдуу жагын айтуу аябай оор экен. Себеби былтыр "Өлбөс полк" акциясына президент катышканда элдер "кыйын адам, өзү келип катышып берди" дешкен. Ал эми ишти тереӊ түшүнгөн адамдар арасында “бул эмне кылып жатат?” деп сындагандар да болгон. Балким ошол нерседен качкысы келип жатат.
“Тартпагыла, болбойт” дегени менен акцияга чыгып катышса, бул нерсе сөзсүз түрдө талкууланат. Анан ким тартып жатат деп аны карап, ал адамды жазага тартуу деле оор болсо керек. Анткени алыстан туруп деле сүрөт, видеого тартууга болот. Менимче, бул маселе баары бир чыгат. Бул жагдайда катышып жатсаӊ тарттыр, болбосо катышпа деген сөздү эле айткыӊ келет экен”, - дейт Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеев, "Медиа Полиси институту" уюмунун жетекчиси Бегайым Үсөнова, журналист Турат Акимовдун пикири бул топтомдо.