"Эртең, 9-майда өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканда сүрөт, видео тартууга, дрон учурууга тыюу салынды", - деген маалыматты бүгүн, 8-майда Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы таратты. Анда мамлекет башчы "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин сүрөт, видео тартууга уруксат берилери, дрон учурууга баштан-аяк тыюу салынары, эгерде учурулса, дрон атып түшүрүлө турганы айтылган. Көпчүлүк журналисттер, жарандык активисттер бул тыюуну негизсиз деп сыпаттап, сындай башташкан.
Андан кийин SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиевага кайрылганда, бул билдирүүнү четке какты. Ал ири иш-чаралардын журналисттер тарабынан чагылдырылышына тыюу салынбай турганын айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эртең өтчү иш-чарада президентти сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынганы негиздүүбү?" деген собол салды. Суроого журналист Турат Акимов жооп берди. Ал Мамлекеттик күзөт кызматы президентти эл көп барган жерде кайтаруудан чочулап, ушундай кадамга барган деген ойдо экенин айтты.
"Мамлекеттик күзөт кызматы президенттин бул акцияга катышканынан чочулап жатса керек, көзөмөлдөө кыйын деген ойдо. Камераларды, фотоаппараттарды жолотпогула, фотоаппараттын жарыктары иштебесин деп жатышкандыр. Ар кайсы жерде ар кандай снайперлер кайтарып отурат да. Ошондуктан эл көп топтолгон иш-чарага президент катышып жатса, күзөт кызматынын чочулап жатканы го деген эле ойдомун", - дейт Акимов.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеев, укук коргоочу Рита Карасартова, "Медиа Полиси институту" уюмунун жетекчиси Бегайым Үсөнованын пикири бул топтомдо.