Бишкекте 14 жаштагы Элиза Максытова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу анын апасы Роза айым билдирди.
"Кызым "Орто-Сай" базары жактагы мектепте билим алат. Бүгүн мектептен физикалык дарыланууга барган. Ал жактан чыккандан кийин үйгө же Көк-Жар конушуна кошумча ийримге бармак. Кызымдын жанында телефон жок. Элизанын буга чейин кечигип келген күндөрү болгон эмес", - дейт ал.
Элиза Максытова бүгүн, 8-майда саат 14:30 чамасында "Орто-Сай" базары тараптан жоголгон.
Кийип жүргөн кийимдери: ак блузка, кара түстөгү юбка жана кара түстөгү толстовка болгон. Бою 161 сантиметр, арык чырай, бетинде бир аз сепкили бар.
Элиза Максытованы көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефондору: 0 (312) 51-41-84, 0 (771) 64-53-53.