Өкмөт: "Кыргыз өкмөтү арбитраждык сотто Ысык-Көлдөгү пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду делген маалымат анык эмес"

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү 4 пансионаты боюнча Кыргыз мамлекетине карата доо арызынын маңызын териштирүү ишин улантууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда тараган Кыргыз өкмөт эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду делген маалымат анык эмес. Бүгүнкү күндө бул ишти эл аралык арбитраждык сотто кароо уланууда. Бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар болушу каралат. Ошондон кийин гана маселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат. Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан чаралардын кеңири түрү көрүлүп жана далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2019-05-09 08:57:22
Кандай болгон чакта да Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогула.
0
elchi84
2019-05-09 10:33:19
Кантип эле озубуздун жердеги пансионат тарды соттошуп ала албай жатасынар тушунбодум,биринчи убактынча берип анан ала албай журо бересинер.Союз маалында биздин деле эс ала турган жерлерибиз Озбекстанда болсо керек ошону силерделе сурабайсынарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан