Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Элиза Максытова табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыз аман-эсен табылды, азыркы тапта ата-энеси менен. Кененирээк маалымат кийин берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматы.
Элиза Максытова кечээ, 8-майда саат 14:30 чамасында "Орто-Сай" базары тараптан жоголгон.