Бүгүн, 9-майда өлкөдө Жеңиш күнү белгиленүүдө. Акыркы жылдары бул күнү "Өлбөс полк" акциясына чыгуу салтка айланган. Бүгүн саат тогузда ага катышууну каалагандар чогулушуп, акция башталды.
Бишкек шаарындагы иш-чарага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да жубайы менен келген. Ал колуна атасы Шаршен Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп алган. Экс-президенттин атасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон.
КСДПнын өкүлүнүн маалыматына ылайык, Атамбаевдин үй-бүлөсү бул акцияга 2015-жылдан бери катышып келет.