Көчө унаага эмес, элге толгон күн. "Өлбөс полк" жүрүшүнүн бийиктиктен көрүнүшү

Бүгүн, 9-Май - Жеңиш күнү белгиленүүдө. Бул күнү салтка айланып калгандай эле Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана миңдеген жарандар катышты.

Жүрүшкө чыккандар жалпы 6,5 чакырым аралыкты колдоруна сүрөт көтөрүп алып басып өтүштү. Анда алар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, оорукта эмгектенгендерге, деги эле улуу муунга Жеңиш үчүн ыраазычылык айтып, музыканын коштоосунда басышты. Жүрүш борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында өчпөс отко гүлчамбарларды коюу менен жыйынтыкталды.

SUPER.KG порталы акциянын жүрүшүн бийиктиктен көрүү мүмкүнчүлүгүн окурмандарга сунуштайт.

"Өлбөс полк" жүрүшүнүн бийиктиктен көрүнүшү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pat12
2019-05-09 13:57:40
Жакшы. Ушундай иш чаралар коп болуп турсун. Кыргыздар Уулу Ата мекендик согушта ото чон салыш кошкон. Туболук данктоо зарыл.
+1
almanbetperm
2019-05-09 19:14:31
Азаматсынар, дронунардын заряды очпосун,,ушундай бийиктиктен тартып журо бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан