Ушул жылдын февраль айында Индияга дарылануу үчүн барган Татынайым Сагынова, Эламан Каныбек уулу жана Мирлан Абдукаримов бүгүн, 9-майда Кыргыз жерине кайтып келишти.
"Ак ниет-Аманат" коомдук фондунун жетекчиси Медербек Сапарбаев бейтаптарды Индияга жөнөтүү үчүн элдин жардамы менен бир сомдон акча каражаты чогулганын айтып берди.
"Бейтаптарга 2 ай катуу аракет кылдык. Ош, Жалал-Абад, Бишкектен марафон, кайрымдуулук концертин өткөрдүк. Боору ооруган бейтапка 35 миң доллар, кичинекей кызга 30 миң доллар, муундары ооруган агабызга 15 миң доллар сарпталды. Базарларды кыдырып жүрүп каражат бир сомдон чогулду. 6 айда боору ооруган 17 адамды Индияга алып барып келдик. Кичинекей кызды ата-энеси 12 жыл күтүп тапкан экен. Ал сейрек кездешкен оору менен ооругандыктан аябай санаа тартканбыз. Витас Дуа деген врач дарылады. Бир айда жыйынтык боло баштады. Мындан ары ден соолугунан кабар алып турабыз", - деди.
24 жаштагы Эламан Каныбек уулу 2009-жылдан бери боордун альвеококкоз оорусу менен жабыркап келген. Буга чейин ага 2 жолу операция жасалган. 17-февралда боорун алмаштыруу боюнча операция жасатуу үчүн Индияга барган. Анын 21 жаштагы иниси донор болду.
Апасы Максаткан Барымбаева Индияга баруу үчүн каражат таппай көп кыйналышканын айтты. "Мектепте окуп жүргөндө ооруп калган. Биринчи жолу Бишкектен врачтар операция жасап, бирок эч нерсе кылбай кайра жаап коюшкан эле. Кийин дагы бир жолку операцияда боорду тазалашкан. Индияга барганда алгач анализ тапшырып жүрүп, 2 айдан кийин операцияга кирдик. Азыр абал жакшы", - деген Максаткан Барымбаева жардам бергендердин баарына ыраазычылыгын айтты.
2016-жылы туулган Татынайым Сагыновага аплазия (кандагы эритроциттердин азайып кетиши) деген диагноз коюлган. Апасы Зулфия Айдарова кызы 7 айлыгында кубарып кеткенде ооруканага алып барганын, ошондон баштап кан куюп жүрүшкөнүн айтты.
"Кызымдын канында гемоглобиндин деңгээли 4кө түшүп калган экен. Алгач лейкоз дешкен. Бир жарым жыл кан куйдуруп жүрдүк. Мындан улам былтыр бөйрөгү иштебей калды. Медербек Сапарбаевге жолугуп, элдин жардамы менен 3 айда 30 миң доллар чогулду. Индияга барганда бир жумада канындагы гемоглобиндин деңгээли 102ге көтөрүлдү. Врач биринчи көрсөткөндө тилин түшүнбөсөм дагы аябай сүйүндүм. Операция жасалат деп барган элек, бирок органдарын алмаштыруу боюнча операция жасалган жок. Азыр канды пайда кылуучу клеткалар жакшы иштеп жатат дешти. Эмнеден улам ооруганын аныктоо үчүн генетикага анализ тапшырдык. Оорусу генден эмес экен", - деди ал.
10 жылдан бери муундары шишип, сөөктөрү сыздатып ооруп жүргөнүн айткан Мирлан Абдукаримов азыр өзүн кыйла жакшы сезип калганын айтты.
"Басканда кыйналып жаткам. Азыр өзүм кийинип, өзүм чечинип калдым. Бирөөсү 50 миң сомдук ийне сайып жатышты. 2 ийне сайгандан кийин уктап калыптырмын. Ойгонгондо абалымдын жакшы болуп калганын сезип, күн чыккандай болуп сүйүнүп кеттим. Эмнеден улам ооруга чалдыкканымды билген жокмун. Бир жылдан кийин дагы текшерүүдөн өтүшүм керектигин айтышты", - деди Мирлан Абдукаримов.