Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын жетекчиси Илкер Айжи менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу 8-май күнү Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапарынын алкагында Стамбул шаарында болду. Анда Кыргыз мамлекетинде “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы менен иштешүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө башка каттамдар боюнча Кыргыз мамлекетинин аймактарында “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын каттамдарын кайра ишке киргизүү маселесине көңүл бурулду.