Атамбаевдин жан сакчысынын 20 миллион сомдук делген үйлөрүнүн бири (фото)

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтүүдө.

Алгач ал Чүй облусунун Биримдик конушундагы үйүн көрсөттү. Турак жайдын курулуш иштери толук аяктабаганы байкалды. Мусакеевдин айтымында, жер тилкени атасы 2006-жылы 25 миң сомго сатып алган. Учурда бул үйдө Мусакеевдин инилери жашап жатканы айтылды. Жер тилкенин жалпы аянты - 6 сотых.

Буга чейин Башкы прокуратура 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алганы боюнча маалымат тараткан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.

Кийин Мусакеев Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kychtyy
2019-05-10 12:10:05
Жакшы шоу болуптур. Бир жолу атканы эле корсотбоптурда
+1
u02u02
2019-05-10 12:10:56
Артист... Атамбаев Кундуз Фарид тортоонор элди келесоо ойлойсунар! Атанбаев айтмакчы элди алдаса болооот!
+1
elchi84
2019-05-10 12:16:23
Эл ишене берет деген окшойсун Атан экооон
0
taalay25
2019-05-10 12:54:05
Маски шоунарды койгулачы)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан