Атамбаевдин жан сакчысы: "Мени камай турган болсо, мен андан коркпойм"

"Мени Алмазбек Атамбаевден алыстатуу аракети болуп жатышы мүмкүн", - деп бүгүн, 10-майда журналисттерге экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеев билдирди.

"Мени камай турган болсо, мен андан коркпойм. "Ак ийилет, бирок сынбайт". Эгер камай турган болушса, демек, бул үстүдөгүлөрдүн буйругу. Эгер кылмыш кылган болсом, далилдеп беришсин. Коррупциялык схемаларды уюштурган болсом, аныктап беришсин. Мен коркпойм. Менин болгон байлыгым - бул балдарым жана ата-энем", - деди Мусакеев.

"Алмазбек Атамбаевди УКМКнын 9-кызматы кайтарат да. Ошол кайтарып жаткан кызматкерлер - катардагы жоокерлер. Уставга ылайык, алар жетекчилик берген тапшырманы аткарыш керек. Балким, ошол тапшырманын аткарылышына тоскоолдук кылып жаткандырмын. Анткени мен Атамбаевдин үйүнө да, иштеген жерине да терс күчтөрдүн кирип кетпешине, ички маалыматтын сыртка чыгып кетпешине көзөмөл кылам да. Мүмкүн, ошол себептен мени Атамбаевден алыстатуу аракети боюнча жаман ойлору бар деп ойлойм. Азыр Атамбаевдин коопсуздугуна кагаз боюнча жооптуу болбосом да, моралдык жактан жооптуумун", - деп кошумчалады Мусакеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан