Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрт 6 сааттан бери чектөөгө алына элек. Бул маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Жеринде ӨКМнын ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада иштеп жатат. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропортунан 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасы дагы өрттү өчүрүүгө жардамдашууда. Мындан тышкары болжол менен 2 миңге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган.
Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда 2 өрт өчүрүүчү жаракат алган. Биринин денесинин 50 пайызы ал эми экинчинин бети күйүп калган.
Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.