Колго аткан... Юрист Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү тууралуу жаңы маалымат айтты (видео)

Кара-Кулжадагы каргашалуу окуяда маркум келинди күйөөсү колго аткан. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров журналист Нурлан Мирзаматовго берген маегинде билдирди.

Ал бул маалыматтарды маркумдун тууганы менен кошунасы айтып бергенин белгиледи.

"Маркумдун классташы, ал тууганы да болуп калат экен, кафеде отурганда ага "сен эмнеге кетип калдың? Кыздарга белегибиз бар болчу" деп жазыптыр. Ошол кезде ал күйөөсү менен урушуп жаткан экен. Күйөөсү телефондогу жазышууларды да көрөт. Классташы чалганда телефонду күйөөсү алыптыр. Анан ошол кезде ки жолу ок атуу болгон" деп жатпайбы? Ошондо биринчисин эскертүү кылып, асманга атыптыр. "Экинчисин колуна аткан" дейт да. Ал мылтык менен негизи күйөөсү кекилик атчу экен. Мылтык батыра (чачма ок) менен атылат. Анан ошол "колуна атканда, колу чачырап кетти" деп жатышат. "Ошондон кан көп кетип, каза болуп калды" деп маалымат беришти", - деди юрист.

Эске салсак, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял жолдошунун колунан ажал тапкан.

10.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан