Дайыр Исмадияровдун унаасын уурдаган жаран жол кырсыгына кабылды

Ырчы Дайыр Исмадияров унаасын уурдаган жаран жол кырсыгына кабылганын айтат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү калтырган. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышканда ал окуя 29-апрелге караган түнү болгонун билдирди.

"Түн ичинде үйдүн короосунда турган унаамды уурдап кеткен. Бул боюнча Свердлов РИИБине кайрылгам. Териштирүү иштеринин негизинде уурдаган жаран жол кырсыгына кабылыптыр. Автоунаамды уурдап, жараксыз абалга келтирген адамдын тирүү калганына сүйүндүм. Унаамды уурдап кеткен адамдын аты-жөнү такталып, сүрөтүн дагы алдым. Бирок учурда карматпай качып жүрөт", - дейт ал.

Дайыр Исмадияров темир табыларын айтып, уурдаган жаранды бетме-бет сүйлөшүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2019-05-10 18:24:50
Мейли кайгырба темир табылат, Назира, Гулжайна эжелерин менен бир гастрольго чыксан аласын да.
+13
asdef
2019-05-10 22:00:21
Зекетти азыраак берип калсан керек да
+4
Cherik.777
2019-05-10 23:53:27
Аай билбейм темир табылат деп озун сооротуп ататко....
+2
munar1980
2019-05-11 04:52:47
Эмнеге ал ууруну сен озун издеп журосун суроту данныйы бар болсо Милитция не кылып жатат таап кармашсын да
+4
Skarlett-Skarlett
2019-05-11 10:35:21
Итке итче олум,милицияга кайрыл.Ар бир адам мандай тери менен тапкан мулкун коргоого укугу бар.Ар жерде серектеп ырдап жыйнаган мулкунду толотуп ал.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан