Жалал-Абадда оор абалда ооруканага алынып келген 2 жашар кыздын абалын акыйкатчы Токон Мамытов өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул факт Сузак РИИБинде “кокустук” катары катталган. Акыйкатчы буга таптакыр макул эмес. Ал бул окуяны үй-бүлөлүк зомбулук катары каттатууну айтып, жабыркаган кыздын туугандарын ага жолотпоо керектигин билдирди. Анткени кыздын таятасы менен таенеси небереси бир жума мурда жыгылганын, оорусу козголгондо “Тез жардам” чакырышканын айтышкан.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө видеоматериал бар. Анда таенеси кызды шымына сийбе деп 1-2 жолу урганын жана чымчыганын айткан. Акыйкатчы видеоматериал менен таанышкандан кийин, окуяны зомбулук катары баалоого болот деп эсептеген.
Учурда окуя боюнча облустук прокуратурага "көңүл буруу" актысы жолдонду. Акыйкатчынын тапшырмасы боюнча жабыркаган кыздын апасын Кыргыз өлкөсүнө чакыртуу багытында да иштер жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда кыздын абалы оор бойдон экенин облустук балдар дарыгери билдирген. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертиза дайындалганын айткан.