Жалал-Абад шаарындагы мунай базадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, өрт түнкү саат 00:17 чамасында толук өчүрүлгөн.
Айта кетсек 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда бир жарандын денесинин 50 пайызы күйгөн. Учурда ал ооруканада. Ал эми өрт өчүрүү кызматкеринин бети күйүп, ал ооруканага жаткан эмес. Өрт саат 17:25те чектөөгө алынган.