"Адилеттүүлүк үчүн" комитети "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек столдордун циклдарын баштайт. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Маалым болгондой, биринчи тегерек стол 13-майда саат 11:00дө Бишкектеги "Достук" мейманканасында өтөт. Ал шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтерине, алардын өзгөрүүсүнө жана жаңы шайлоо системин курууга мүмкүнчүлүк береби деген суроого жооп издөөгө арналат.
"2020-жылдагы өтө турган шайлоо тарыхый мааниге ээ болгон шайлоо болот. Биз бүгүн ошол абдан маанилүү шайлоону кандай ыкма менен өткөрөбүз? Ушул маселени келе жаткан дүйшөмбү күнү, шайлоо ыкмаларын жакшы билген адистер менен талкуулоону туура көрдүк.
Тегерек столго шайлоо маселесине тиешелүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, партия өкүлдөрү, эксперттер жана жарандык коом чакырылды. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация жасайт", - дешти комитеттен.