Жалал-Абаддын эки тургуну бир жаранды жылаңач бойдон борбордук көчөдө басууга мажбурлашты

Жалал-Абаддын эки тургуну бир жаранды жылаңач бойдон борбордук көчөдө басууга мажбурлашты. Окуя видеого тартылып, элге жайылууда.

Видео унаалар токтоп турган жайда тартылган. Бир адам видеого тартса, экинчиси унаанын эшигин ачып түшүргөнүн көрүүгө болот. Тартып жаткан адам уят сөздөр менен сөгүп, унаанын ичинде жылаңач отурган жаранды түшүүгө мажбур кылган.

Анын "мен сенден качан 5 миң сурадым? 5 миңди мен бир күндө таап алам. Бар апаң отурган жакка бар" дегени угулат.

Бардык кийими чечилген бойдон турган адам ич кийим менен тосунууга аракет кылса, ага да тыюу салышат. Болжол менен окуя 10-майда болгон.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя иликтенип жатканын билдирди.

"Окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү материалдар чогултулуп, факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. "Ээнбаштык" боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Видеодогу жарандын, аны тарткандардын аты-жөнү такталды. Булар эмне үчүн мындай кадамга барганы тергөөдө билинет", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБиден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Eli.91
2019-05-12 11:23:20
Акмактар Аллах сазайынынарды берсе экен.
+19
Begimay.emir1
2019-05-12 11:59:55
Ушундай адамдарды коруп алып жанын чыгат. Кантип эле мындай кылыктарды кылышат деп
+6
Nursbaike
2019-05-12 13:12:06
Аллах берсин жазасын
+10
Bekboloooot
2019-05-12 13:19:18
уят эле уят.
карызы же башка туура эмес иш кылып койсо да,мынчалык барган акмакчылык го ээ?!

Биз Алхамдулиллах Мусулманбыз туура эмес мындай кылган.

Даже айбандардан да ылдыйга томонго тушуп кетиптирбиз, эх !!!
+14
Gisi
2019-05-12 13:36:07
Эми бул баланын тагдыры эмне болот?
+8
vikidiki
2019-05-12 14:23:56
Gisi,Тагдыры, психикасы мени да ойлондуруп атат. Байкуш.
+8
Jango
2019-05-12 14:31:51
Орозонун ыйык кунундо ушундай кадамга кантип бардынар экен тиги экообун кичине айколдук кылсанар болотгооо
+9
maks.kgz
2019-05-12 15:18:10
Аллахым өзүң кечир, ыйык айда жакшы иш болбоду.Жазасын берсин Алла
+8
ainur78007
2019-05-12 16:01:11
Жапайычылык
+4
Avrora2017
2019-05-12 16:28:40
Акмактарда бир соз менен айтканда, оздорун жыланачтап кочого чыгарып койсо шумшукторду
+4
daniel87
2019-05-12 17:45:10
Уят карангылык сабатсыздыкдан качан чыгабыз??????! Суйлосо эле баары диндар, акылдары ашып ташып турушат, кылган иштери, жашоосу Эми кудай сактасын эки жуздуулордон. Орозонун кунун до мынбай айбанчылыкка баруу эн пасс адамдын иши!!!!
+5
Skarlett-Skarlett
2019-05-12 18:12:37
Уяты жоктор!Аллах жазанарды берсин!
+2
aibars
2019-05-12 21:54:19
Кеминде 5-6 жыл соттолсун. Карызы болсо мыйзамдуу турдо арыз жазса бала оз жазасын алмак. Жаш эле бала экен психикасы бузулуп, элдин козун карай албай жаман абалда болот эми.
Акмактар экен алдыгы экоосу.
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-13 06:08:46
Аллах жазанарды берсин, акмактар!
0
Karakoz90
2019-05-13 09:42:55
экөөнү таап, элдин көзүнчө ХХХХ керек. Шерменде тарбиясы жок ХХХХ. Ата-энесин кошо жазага тартыш керек 18 жаштан өткөн балдар болсо дагы. Баласына тарбия бергенди билбейби, жазасын алсын башкаларга сабак болот. Баланы тапкан соң тарбия бергенди да билиш керек. Мусулман калкбыз көчөдө жаш наристелер жүрөт алардын психикасын бузушту. Эки баланын ата-энесине ХХХХХ. Аллах жазасын берсин.
0
binur5
2019-05-13 10:03:21
Ой тооба орозонун кунундо олуп эле атышатго айбандар кече эле бир тайнеси 2жашар небересин ээси оогуча сабаса бул балдарга чара корбосо болбойт себеби азыр осуп келе жаткан балдардын ан сезими башкача болуп баратат жапайычылыкты токтоту кк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан