Түрк элчисинин муфтийге нааразы болгон видеосу тарады. Чырга аралашкандар бул тууралуу эмне дешет?

Интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тарады.

Видеодон элчинин "эмне үчүн мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Орозо айында ушундай мамиле болобу? Же Түркияны, же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам" дегенин угууга болот.

Видео Бишкектеги ресторандардын биринде тартылганын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктап, окуя 8-май күнү болгонун билдирди.

"Муфтият уюштурган ооз ачуу иш-чарасында бир аз пикир-келишпестиктер болуп кетти. Бирок маселе ошол жерден эле чечилген. Элчи мырза менен Муфтияттын ортосунда азыр эч кандай пикир-келишпестик жок", - деди дин башкармалыгынын басма сөз катчысы.

Ал эми Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси аталган видео боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Женгиз Камил Фырат Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп 2018-жылдын 1-январында дайындалган.

Орхан Инанды учурда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти.

Түрк элчисинин мусулмандар башкармалыгына нааразы болгон видеосу тарады
"35 миллион долларга мечит курдурттум" деген элчинин чыры
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
rysik79
2019-05-13 10:35:39
Элчи анын сапаттын жанына отурса эрдоган элчини кадамак да. Ошого паника которду. Муфтийибиз Макс мырза да алдын ала плпндаса болмок. Мейли эми оозу кыйшык болсо дагы байдын уулу суйлосун.
+8
erlan2196
2019-05-13 10:41:28
Муфтият кыргыздарга араб, пакистан ж.б элдердин салтын кыргыздарга жайылтпагыла. Кыргыз шарият менен эмес, оз салтын бийик туткан эл. Динчилдер Араб элдеринин салтын ыйык тутуп журушот. Арабтар оздорунун салтын дин деп кыргызды алдап журушот. Ислам дини араб салтын, тилин жайылткан нерсе. Муфтият арабтардын салтын жайылтууга жардамчы болбош керек.
-11
KAYRATBEK
2019-05-13 14:44:17
erlan2196,Эмнеге мынча текеберленесинер тенирчилер. Бетинерге айтам сенин чон энен чон атан тазза 100% мусулман болгон. Каяктан жаны тенирчи деген секта таап алдынар. КЫРГЫЗДЫН менмин деген белгилуу токмо акындары жазуучулары атагы чыккан инсандарыбыз 100%мусулман болушкан.Эми текеберчиликтин да чеги болотта.Тенирчилердин бир эле асылганы узун кийингендерге асылуу, сакалга асылуу. Ай тууганым сакалы жок бир улуу инсандар болгон эмес. Узун кийинбеген бир да чон ата чон энелерибиз болбогон.
0
pat12
2019-05-13 15:03:15
KAYRATBEK,
Ислам дини арабтардын салтын жайылтат. Кыргыз мусулман деген аты эле болбосо 90% Европалык кыргыз болуп жашап келе жатабыз.
-5
Beka1986
2019-05-14 00:02:55
pat12,Аллахтын бар экенине ишенесинби?
+1
E.TARZAN
2019-05-13 10:46:46
Биздин чоңдор ушунчалык кең пейил,террорчубу, экстремистби, жада калса крим авторитеттер менен деле бир дастаркондо отуруп,аларды сыйлап, бети эмес башка жагын дагы өөп ийгенге даяр. Бул Түрк кызык экен, отурбайм деп чатак салып :)) Өзү Орхан Инанды деген белгилүү эле террорчу бекен, анын террорчу экенини биздикилер жакшы билбейт окшойт го:)).Салдырган мечиттериңди колуңдан келсе көтөрүп кет, эч ким мечит салып бер деген жок да, мечитти салса өзү сооп табыш үчүн салды да. :((
+10
boris8907
2019-05-14 18:47:25
E.TARZAN,туура айтасыз бизге турктордун мечитинин не кереги бар озубуздуку жетиштүү деңгээлде. Ошончо сыйлап чакырганына рахмат дебейби. Режеп Эрдогандын XXXX экен бул элчи
+1
pat12
2019-05-13 10:53:15
Динибиз арабтардыкы, мечиттер турктордуку, акчыбыз товарыбыз, кытайдыкы, оруссияныкы. Озубуздун эчтекебиз жок. Болсо да барктаганды билбейбиз.
+2
KyrgyzstanBishkek
2019-05-13 11:39:44
Эми ал жон эле жумуштан айдалбайын деди да,фето террор болгондо КРсы уже жок болуп кетмек.Биздин элдин ото копчулугу феточулар.Аны менее отурганда эрдоган жумуштан алат болчу элчини.
+1
Alinur96kg
2019-05-13 11:41:59
Эртеси милдет кылаары менен ишибиз жок, мечтттерди салып берип атат деп суйунуп койобуз.
+7
Sajakat14
2019-05-14 17:18:31
Alinur96kg,бесплатный сыр только в мышеловке деп жөн айтылбайт да.
0
bond02
2019-05-13 12:06:17
Бизди, Кыргызстанды негизи коноктор бийлеп калды. Алар эмне десе да башты жерге салып туура сиздики деп тура беришибиз керекпи? Эмнеге оз жерибизде озубузго чон болот? Алып кетсин кааласа куруп берген мечитин, озу кошо кетсин кааласа, аны эч ким кармабайт.
+5
newman
2019-05-13 12:49:04
Террорист болсо Түркияда террорист. Кыргызстанда эмес. Жакпаса унчукпай жай айтып кетип кал. Той ээси өзү билет кимди чакыраарын
+5
glucke45
2019-05-13 16:25:34
newman,
Азамат элчи экен бир чети мамлекетинин кадырын тушурбой туруп кетиптир. Бул туура эле кадам болгон. Элестетин кыргыз элинин душманы болгондор менен( К.Баатыров, Ош окуясы2010) бир жерге чакырылса биздин чиновниктер кандай реакция корсотмок, унчукпай жеп-ичип анан кетишмек. Экинчиден 35 мл.го мечит салдырып бердим дегени туура эмес болуп калды. Балким ал башкача ойдо айтайын десе керек.
0
Yiman97
2019-05-13 12:56:29
Кааласа тополон кылат кааласа башка кылат эч нерсе дей албайбыз уят! Аларбызды алып жегенбиз Туркторго коз карандыбызда аттин Мечит туурасында келсек аны эч ким мечит куруп бер деген эмес Кочуруп кетсин кааласа Билбесе билип алсын Милдет кылган Нерсенин сообу тийбейт 35$ мечит куруп Бердик деп милдет кылатко Анан биздин муфтият терорчуларды билбегени кызык
+2
MAN-CITY
2019-05-13 12:58:22
Антип мечит салып бердим деп милдет кыла турган болсо бузуп алып кетсин мечитин. Кыргызстанда деле толтура сооп табабыз дегендер салып беришет.
+5
elchi84
2019-05-13 13:21:58
Турктор дагы кыргыздардан калышпайт экен ФЕТО уюму деп террорчу деп алар жон оппозиция болушкан ошого жалаа жаап жатышат.Бизде да ошондой го бийликке ким келсе качып кеткендерге ичи ооруп калса ошолорду куноолой берет.
+1
Makain
2019-05-13 13:51:14
Биздин молдолор аман эле болсун сөз жок
0
Sahka
2019-05-13 15:17:18
Президент, ТИМ кыскасы баары талкан жуттубу
+3
katerina.li
2019-05-13 19:03:28
Жаман уйду коногу бийлейт болушуптурда
+3
bessmertiy
2019-05-14 02:03:58
ХХХХХХ кыздын бетин тытат болуптур. Ошол жерде мен болгонумда бар кетебер дейт элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан