Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финасы комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу акча которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу боюнча келишимдин долбоору каралды.
Депутат Максат Сабиров ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргыз мамлекетинин келишимдери аткарылбай жатканын айтып, Орусия акча которуу боюнча чектөөлөрдү киргизип жатканына нааразы болду.
Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Орусия бир гана Кыргыз мамлекетине эмес, Казакстанга дагы чектөө киргизип жатканын белгиледи.
Депутат: "Мындай чектөөлөр болсо анда эмнеге ЕАЭБге кирдик? Эгерде Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарына жараша келишимдер аткарылбаса, биз эмне үчүн макулдашууларга кол коюп беришибиз керек? Биз кол койгон макулдашуулар аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз жарандары башка мамлекетте камалып, соттолуп жатат. Биз болсо эмне документ келсе кол коюп отурабыз", - дейт.