Ошто журналист Ыдырыс Исаков сабалды. Ага кол көтөргөнгө шектелип 2 адам кармалды

Ош шаарындагы "көмүскө кумаркана иштейт" делген жердин ишмердүүлүгүн чагылдырып жаткан учурда журналист Ыдырыс Исаков сабалды. Маалыматты SUPER.KG`ге журналист өзү тастыктады.

"Бизге Оштун тургундары кайрылып, шаардагы мейманканалардын биринин жанында көмүскө кумаркана иштеп жатканын жана уулу ал жерден ири суммадагы акча уттуруп жибергенин айтышкан. Буга байланыштуу ал жайдын ишмердүүлүгүн чагылдыруу учурунда күзөт кызматкерлери жумушума тоскоолдук кылып, мага кол көтөрүштү. Өзүм анчалык деле чоң жаракат алган жокмун. Бетим жана колум сыйрылды. Бирок журналисттик ишмердүүлүгүмө тоскоолдук кылганы үчүн милицияга арыз жазганы жатам", - деди Исаков.

Ал эми Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча 2 күзөт кызматкери кармалып, учурда сурак берип жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kechirmeni
2019-05-13 13:43:17
Азамат! Сендей эр журоктор минден бир чыкса керек, ишине ийгилик!
+22
elb_2121
2019-05-13 13:50:30
Ыдырыс азаматтсын ийгилик ишине чындык учун курош изин калат жузун жарык болсун
+17
elchi84
2019-05-13 13:55:43
Ыдырыс ишине ийгилик охраналар жоопко тартылсын тез арада .Бизде ушул журналистер гана ушундай жемкорлордун ишин текшербесе башка эч ким текшербейт .
+17
Erik2018
2019-05-13 14:08:51
Мыйзамсыз иштеген кумарканаларга бир эле журналисттер эмес баарыбыз жапа тырмак катуу күрөшүүбуз керек. Антпесе алар көмүскө ишин уланта беришет. Антпесе болбойт. Мыйзам боюнча ачкандарга катуу чара көрүш керек.
+17
Bektur2011
2019-05-13 14:15:12
мына чыныгы журналист ушундай болот элдин тушкон суроосунан улам изилдоо жургузуп жатат кечеги Дамир Му[moderated]евди чагылдырган журналистер Идиристен улгу алсанар жакшы болмок
+11
KAYRATBEK
2019-05-13 14:26:01
Ыдырыска баарын жуктоп койбой, Кыргызстандын тазаланышына бизда аракет кылышыбыз керек.
+16
Skarlett-Skarlett
2019-05-13 14:37:04
Чын эле жегичтер,кумарканалар менен баарыбыз курошсок Кыргызстаныбыз онугуп кетет го.
+8
bond02
2019-05-13 15:18:40
Кимдики болду экен кумаркана.
+5
Azkoni
2019-05-13 17:32:08
Азамат экен.Эртен да бироосу паланча миллион доо ондуром деп чыкпаса болду,жок жерден жалаа жаап.
+6
Umakg
2019-05-13 19:45:10
Охранник наглый кылды колун кармап видеодо журот кайрып тосколдук кылып
+3
Sogushov
2019-05-14 02:36:48
Ишинизге ийгилик Ыдырыс байке, Башка роликтеринизди да коруп бираз болсо да умуттонуп калдым!
+1
suban78
2019-05-14 06:32:44
Оой. Охранникке эч нерсе болбойт коросунор. Ал казино бир чондуку да, акырын эле жаап коюшат ишти, болду. Журналистти коркутуп коюшат. Чон акча айланат да казинодо, бир журналистти деп жаап коймок беле. Ал казинолон канча чондор акча алып турушат.
+1
Take_men
2019-05-14 10:17:29
Азаматсың. Ыдырыстай журналисттен бешөө эле болгондо баардык былыктарды томкоруп чыгышат эле
+1
atai9292
2019-05-14 12:51:54
Ыдырыс Исаков сабалды эки адам шектелип кармалды деп күмөн санагандай кылып хаха жазып коюпсуңарго. Шектелбей эле анык эле кармап кетсе деле болот ким экени эмне кылганы видеодо ачык эле көрүнүп туратко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан