Бишкекте 7 жаштагы бала сабалып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө балдар ооруканасына 7 жашар бала сабалып бейтапканага жеткирилгени боюнча маалымат түшкөн.
"Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин ыкчам иликтөө тобу барган. 39 жаштагы Н.Г. аттуу тургун 11-май күнү 7 жашар баласы эшикке чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айткан. Эртеси күнү баласы кошунасынын үйүндө ойноп жатып уктап калганын билишкен. Баласын үйүнө алып келген соң анын жолдошу Ж.К. аялынын каршылыгына карабастан баласын сабап, денесине залал келтирген. Сабалган баланы апасы ооруканага алып барганда анын баш мээси чайкалып, оң колунун чыканак сөөгү сынганы аныкталган.
Бул боюнча баланын апасы жолдошуна карата чара көрүүнү суранган. Аталган факт 12-май күнү Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 75-берене "үй-бүлөдөгү зомбулук" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда жабырлануучу балага карата тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирет басма сөз катчы.