Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.
SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген соболуна экс-депутат Алишер Мамасалиев төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, акыркы 2 шайлоо процесси (2015-жылдагы парламенттик шайлоо жана 2017-жылдагы президенттик шайлоо) шайлоочуларга жана талапкерлерге тиешелүү мыйзамдарда катачылыктар бар экенин далилдеди.
"Келе жаткан шайлоого чейин бул кемчиликтерди жокко чыгарыш керек. Учурда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча 4 мыйзам долбоору иштелип чыккан. Эң негизгиси бул өзгөртүүлөрдө көз боёмочулук болбошу зарыл. Депутаттар төмөнкү 3 маселе боюнча радикалдуу кадамдарга барышы керек.
Биринчиси, партиялардын тизмелерин бекитүү боюнча;
Экинчиси, ар бир шайлоочу талапкерлерге добуш бериши керек, ошондо эл билген депутаттар парламентке келет;
Үчүнчүсү, чет өлкөдөгү жарандарыбызга шайлоо укугун аткаруу боюнча шарт түзүп берүү керек.
Эгер ушул 3 маселе боюнча реалдуу кадамдарга барсак, жаңы парламентке чыныгы элдик, абройлуу, белгилүү инсандарга жол ачат. Жаштарга, таза саясатчыларга шарт түзүп беребиз", - деди Мамасалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Игорь Шестаков, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.