Саясат таануучу Игорь Шестаков: "Конституцияны өзгөртүү жолу менен депутаттардын санын азайтуу керек"

Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.

SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген соболуна саясат таануучу Игорь Шестаков төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, партиялык парламентаризм өзүн актаган жок. "Бизде шайлоо алдында оюн эрежелери тез-тез өзгөрүлүп турат. Азыркы демилгелер активдүү талкууланат деп ойлойм, анткени акыркы жылдары коом депутаттардын санына жана сапатына абдан нааразы болуп жатат.

Мындан тышкары 2016-жылы Конституцияга өзгөрүүлөр киргизилип жатканда парламенттин 50 пайызы бир мандаттуу систем боюнча, калган 50 пайызы партиялардын тизмеси боюнча шайланышы керек деген демилге көтөрүлгөн. Бул демилге азыр да кызуу талкууланат деген пикирдемин. 2010-жылы мажбурланып киргизилген партиялык парламентаризм өзүн актаган жок. Тажрыйба көрсөткөндөй, парламентке өткөн саясий партиялар шайлоочулардан бөлөк жашоо менен жашап жатышат. Партиялар өлкөнүн негизги ресурстарын көзөмөлдөгөнгө аракет кылышууда. Кайсы бир партия үчүн өкмөттү отставкага кетирүүлөр буга далил.

Ошондой эле партиялар үчүн 9 пайыздык босого маселеси талкууланат. Мындай босого менен биз кайра олигархиялык парламентти шайлап калабыз. Жогорку Кеңеш кайра жабык акционердик коом болуп калат.

Албетте, шайлоо алдындагы процесстерге өзгөчө көңүл бурулат, себеби оппозиция өзгөрдү, Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы бул тарапка өттү. Атамбаев системдүү оппозиционер, бийликтин өкүлү эмес. Эми талкуу көбүрөөк болот, күрөш активдешет.

Жалпылап айтканда Конституцияны өзгөртүү жолу менен депутаттардын санын азайтыш керек. Парламенттин жарымы бир мандаттуу систем жана жарым партиялык тизме боюнча шайланышы зарыл. Ошондо партиялардын ортосунда атаандаштык болот", - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Ишенбай Кадырбеков, Алишер Мамасалиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан