"Парламенттик шайлоонун эрежелери өзгөрүлүшү керек" дейт депутат Исхак Масалиев

Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген собол салды.

Депутат Исхак Масалиев парламенттик шайлоонун эрежелеринин өзгөрүлүшүнө туура карай турганын айтты.

“Азыр депутаттардын сапаты, сабаты эл тарабынан аябай нааразычылык туудуруп жатат. Шайлоонун эрежелери өзгөрүлүп, чыныгы эл шайлаган депутаттар болсо жакшы болмок. Ошондой аракеттер болушу керек”, - дейт Масалиев.

Экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, саясат таануучу Игорь Шестаков, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикирин бул топтомдон окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан