Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Бийлик таза шайлоо өткөргөнгө даяр эмес"

Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген собол салды.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков белгилегендей, дүйнөлүк практикада шайлоо жакындаганда шайлоонун эрежелерин өзгөртпөйт.

“Бирок биз өзгөртүүгө мажбурбуз. Себеби Кыргыз мамлекети таза, мыйзамдуу, адилеттүү шайлоо өткөргөнгө даяр эмес. Биринчи орунда бийлик даяр эмес. Бийликке коомдун, саясатчылардын ишеничи жок. Ошондуктан биз жакынкы убактарда шайлоо эрежелерин өзгөртүүгө мажбур болобуз. Ал биринчи кезекте акчанын ролун азайтуу, саясий коррупцияны жок кылуу, саясий атаандаштыкты бардык саясатчыларга, партияларга бирдей кылууга жардам берет. Эл менен жолугууга, маалымат каражаттарына чыгууга шарт түзүп, дебаттарды көбөйтөбүз. Мына ушул багытта эрежелерди өзгөртүүгө мажбур болобуз”, - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутат Алишер Мамасалиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, саясат таануучу Игорь Шестаков, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикирин бул топтомдон окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан