БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов: “Мурдагы шайлоодо кеткен кемчиликтер боюнча мыйзамдарга нормаларды киргизип алсак, бир топ жеңилдик болот”

Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.

SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, эл аралык уюмдардын шайлоого бир жыл калганга чейин мыйзамдарды өзгөртпөө боюнча кеңеши бар.

“Жаңы систем менен референдум, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин шайлоолорун, президенттик шайлоону өткөрдүк. Менин оюмча, күзгө чейин мурдагы шайлоодо кеткен кемчиликтер боюнча мыйзамдарга нормаларды киргизип алсак бир топ жеңилдиктер болот.
Саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча нормаларды киргизүү зарыл. Себеби турмуш көрсөткөндөй, айрым депутаттардын башка мамлекеттерде жарандуулугу чыгып калып жатат”, - дейт Бекматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, саясат таануучу Игорь Шестаков, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан