Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.
SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова төмөнкүдөй жооп берди.
Ал шайлоонун эрежелерин өзгөртүү маселеси сөзсүз түрдө каралышы керек деген пикирде.
"Мурунку эрежелер менен олигархиялык парламент келген. Шайлоо эрежелери өзгөрүлбөсө, кайра эле ушундай парламент келет. Шайлоонун эрежелерин өзгөртүү маселеси сөзсүз түрдө каралышы керек. Буга чейин кандай жолду басып өткөнүбүздү карап чыгууга убакыт бар", - дейт Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, саясат таануучу Игорь Шестаков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.