Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.
SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков төмөнкүдөй жооп берди.
Анын пикиринде, шайлоо эрежелерине өзгөртүү киргизүү керек.
“Шайлоочулардын конституциялык укугун ордуна алып келүү зарыл. Конституциянын негизинде шайлоочулар депутатты шайлаш керек. Мыйзам боюнча депутаттарды эмес партияны шайлаш керек. Демек, азыр кызык нерсе болуп калды. Шайлоочулар партияны шайлап жатат. Парламентте өздөрүн депутатпыз деп мандат алгандар легитимсиз. Аларды эч ким шайлаган эмес, эл билген да көргөн да эмес. Шайлоо бюллетенинде партиялардын тизмесинде талапкерлердин аты-жөнү болушу шарт. Ошондо 10 жылдан бери мыйзамсыз адамдар депутатпыз деп маселе чечип жатат. Шайлоочулардын шайлоо укугун ордуна алып келүү үчүн эрежерелерди өзгөртүү керек”, - дейт Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов, саясат таануучу Игорь Шестаков, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.