Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.
Ал 1-май күнү Кара-Суу районунда атасынын элесине арналган иш-чарадан кийин коомчулукта бир беткей каралоо жүргөнү себеп болгонун айтты.
"Биз мындай ыпластыкка чыдап, унчукпай тура албайбыз. Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиз буга чейин да, акыркы бир жарым жыл аралыгында да бир нече жолу массалык маалымат каражаттары аркылуу мени каралап, коомчулукка жаманатты кылып келдиңиз. Тарбиям, мүнөзүм менен мурдагы мага кылган жакшылыктарыңызды, колдооңузду эске алып, сабырдуулук менен карманып келдим.
Чектен ашып, токтобой бара жатасыз. Сиздин 6 жылдык бийлигиңиздин тушунда деле атабыздын элесине арналган турнир тынымсыз өтүп келген. Эсиңизге салсам убактыңыз тартыш болуп, премьер-министрди баш кылып, эң жакын кишиңиз Икрам Илмиянов досум баш болгон команда келип жүргөн. Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, сиз "Раим миллион" атка кондурдуңуз", - дейт ал.
Кайрылуусунда экс-президенттин көрсөткөн колдоосу, анын бийликтен кеткенден кийинки мамилеси тууралуу сөз кылды.
"Командаңызда эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм. 2010-жылдан тартып сизге, сиз башында турган партияга колдоо көрсөтүп турдум. Үй-бүлөлүк сыйымды көрсөтүп, ыраматылык апабыздын колунан чай ичтиңиз. Анан эле экөөбүздүн ортобузду кара мышык аралады. 2017-жылы октябрь айында кайнежем менен кызыңыз унаа токтотуучу жайлардын биринде орун талашып урушуп кетти. Анын кесепети мага тийди. Эки аялдын чатагынан кийин мага болгон мамилеңиз 100 пайызга өзгөргөнүнө таң калам. Жаңы шайланган президентибиз ишке киришерден бир күн мурун мени кызматтан алдырттыңыз", - деди Матраимов.
"Сиз эл алдында мультимиллионер экениңизди талбай айтып келесиз. Менин байлыгымды да өзүм эмес, сиз жарыялап жүрөсүз. Байлыгым сиздикиндей болбосо да бардар жашоом бар. Сиз сыяктуу мен да бай досторду күттүм. Бир туугандар менен бизнесибизди өнүктүрдүк. Таң калычтуусу менин жана менин үй-бүлөмдүн байлыгы сизди 2017-жылга чейин кызыктырбай, сиз президенттиктен кеткенден кийин тынчыңызды алганын түшүнбөйм. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизге ачык кайрылам. Убагында мамлекетке кызматымды өтөдүм. Сизге да колумдан келишинче кызматымды кылдым. Мындан ары азыркы президентибиз менен болгон мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранам. Аягында айтаарым, мага карата ыксыз каралоону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч-кубатым бар", - дейт Матраимов.