Эртең, 15-майда футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычында "Дордой" клубу Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командасын кабыл алат.
Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. Билет баасы 150-200 сом.
Командалардын алгачкы оюну 1-май күнү Дүйшөмбү шаарында өтүп, бишкектик клуб 4:1 эсебинде жеңилип калган.
"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 3 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 1 упай менен акыркы орунда жайгашкан.