Депутат Сайдолимжан Жураев комитет жыйынына баяндамачы катары чакырылган министрдин келбей калганына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Бир дагы социалдык объекттин курулуш иши баштала элек. Мына 15 метрлик көпүрөнүн долбоорун жарым жылдан бери жазып бүтпөй жатышат. Алар эмне эки тарапка ачыла турган көпүрө куралы деп жатышабы? Баяндамачы катары министр чакырылдыбы келсин. Жыйынга келген министрдин орун басары эч нерсени чечпейт. Биз депутатпыз, өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Эмне себептен дайыма орун басарларын жөнөтүп коюшат. Эгер министр өзү келбесе мындан ары маселени күн тартибинен алуу керек. Биз маселени чечүү үчүн чогулабыз", - деди Жураев.