Депутат: “Конституциялык палата акыркы эки жылда саясий куралга айланып кетти”

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Исхак Масалиев Конституциялык палата акыркы эки жылда саясий куралга айланып кеткенин айтты.

“24-апрелде Жогорку Сот парламентке жыл сайын маалымат бербейбиз деп Конституциялык палатага кайрылыптыр. Конституциялык палата парламенттин Жогорку Соттон отчёт алганга укугу жок деп чечим чыгарыптыр. Бул түздөн-түз мыйзам чыгаруу бийлиги менен сот бийлигинин ортосундагы тирешти туудурган чечим болуп жатат. Ошондуктан кийинки жыйында бул маселени карап, бир чечимге келбесек болбойт. Жогорку Сот бир жылда бир жолу кандай иштеп жатканы боюнча маалымат берсе эч нерсе кетпейт. Конституциялык палата акыркы эки жылда саясий куралга айланып кетти”, - дейт Исхак Масалиев.

Масалиевдин сунушун депутат Курманкул Зулушев жана Мыктыбек Абдылдаев колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан