"Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун тамтыгы чыгып бүттү. Эгер Сооронбай Жээнбековдун резиденциясы ал тарапта болгондо буга чейин жол жалтырап калмак", - деген пикирин бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу айтты.
"3 ай болду, транспорт жана жолдор министри бир көрүнүктүү иш аткара элек. Бишкек-Кара-Балта унаа жолу абдан начар абалда турат. Эгер Сооронбай Жээнбековдун резиденциясы Кара-Балтада болсо буга чейин жол жалтырап калмак. Жолду оңдогондор күнү-түнү иштеп, тез аранын ичинде бул жолду бүтүрүп коймок.
Мындан сырткары, Балыкчы-Корумду жолу өзгөрүүсүз турат. Ал жол айылдын ичиндеги жол эмес, борбордук жол. Учурда жергиликтүү тургундар да бул маселени көтөрүп митингге чыгууну көздөп жатат", - дейт депутат.