Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Транспорт жана жолдор министрлигин сынга алды. Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун абалы боюнча маселени көтөрдү.
Депутат транспорт министринин орун басарына кайрылып: "Жолду оңдоого келгенде кыштын күнү жазында дейсиңер, жаз келсе жайында дейсиңер. Жолдогу унаа тыгыны бир маселе, жолдун абалы өзүнчө маселе. Бул унаа жолу - түндүк менен түштүктү бириктирген жол.
Жолго техникаларды коюп коюптурсуңар, а бирок жыйынтык жок. Жолду оңдоп бүтүү үчүн бир эмес, 3 кезек менен иштөө керек. Кара-Балта эле эмес, Суусамыр, Төө-Ашуудагы унаа жолунун абалын карагыла. Жолдо күйүүчү май ташыган унаалар аңтарылып, майы сууга куюлуп жатат. Силер иштейсиңерби же иштебейсиңерби?" - деди.
Буга транспорт министринин орун басары "азыркы учурда жол куруучулар саат 8:00дөн саат 20:00гө чейин иштеп жатышат. Өзүңүз билесиз, бул жолдон 5 облустан келген унаалар өтөт" деп жооп берди.