Депутат: "Кичи автобус айдаган айдоочуга 12 миң сомдон 24 миң сомго чейин айып пул келип жатат"

Кичи автобус айдаган айдоочуга 12 миң сомдон 24 миң сомго чейин айып пул келип жатыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Данияр Аттокуров билдирди.

"Коопсуз шаар долбоору боюнча дагы жаңы камералар ишке кирди. Айып пулдардын суммасы боюнча буга чейин да, учурда да социалдык тармактарда элдин нааразычылыгы айтылууда. Мындан сырткары жол боюндагы туура эмес жол белгилери боюнча маселе чечиле элек. Мисалы, жолдогу туура эмес жол белгисинен улам кичи автобус айдаган айдоочу жалпы линиядан кесип өтүп 24 миң сом айып пул келиптир. Бул маселени чечүү керек", - деди Аттокуров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2019-05-14 13:03:52
Айдоочулар эптеп бала багып атканда бышырып жегиле эми
0
katerina.li
2019-05-14 15:02:13
Кобунчо ошол маршурткалар бузат жол эрежесин
+2
kriss120
2019-05-14 15:43:00
Туура кылат ошентип еки ай келсе акырын эреже мн айдап калат
+4
elya82
2019-05-14 21:59:25
Эреже бузса келет да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан