Жогорку Кеңештин комитетинде судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө сый акы төлөө боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө сый акы төлөө боюнча мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунда кеңештин мүчөлөрүнө ай сайын сый акы төлөө керектиги жазылган. Кеңештин мүчөлөрү аткарган иштин көлөмүн коомдук гана деп эсептөөгө мүмкүн эмес. Анткени ал мамлекеттик маселелерди аткарат жана кандай гана болбосун эмгек акы катары төлөө талап кылынат деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан