Атасы шаардык кеңеште депутат, бажасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты...Сөгүнгөнү коомго тараган Алмаз Мамбетовдон кийин Балыкчыга ким мэр болду?

Бүгүн, 14-майда Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өттү. Анда шаардык кеңештин 31 депутатынын 22синин добушуна ээ болуп 25 жаштагы Марат Кудайбергенов бул кызматка келди.

Буга чейин Балыкчынын мэрлигине талапкерлиги көрсөтүлгөндө ал тууралуу ар кандай кептер тараган. Айрым массалык маалымат каражаттары анын атасы жана дагы бир тууганы шаардык кеңештин депутаттары, ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Узарбек Жылкыбаев бажасы экенин жазышууда. Жылкыбаев учурда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Мындан тышкары тараган маалыматтарда жаңы, жаш мэрдин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов менен да байланышы бар экендиги жазылган. Каниметов президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экендиги маалым.

Тараган бул маалыматтар боюнча SUPER.KG порталы Балыкчы шаардык мэриясынын маалымат кызматына байланышты.

"Атасы Сагын Кудайбергенов көп жылдан бери Балыкчы шаардык кеңешинде депутат. Ал эми Узарбек Жылкыбаев анын бажасы болот. Жылкыбаев Ысык-Көлдө өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда анын оң колу - жардамчысы болуп иштеген деген маалыматтар бар", - дешти маалымат кызматынан. Ошондой эле ал андан башка айтылып жаткан кептер тууралуу кабары жок экенин билдирди.

Кудайбергенов Марат Сагынович – “Замандаш” фракциясынан. 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Жусуп Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Анын сөгүнүп телефондон сүйлөшкөнү коомго тарап сынга кабылган. Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан