Кыргыз өлкөсүндө "КТ Мобайл" аттуу улуттук уюлдук оператордун рынокко чыгуусу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда маалымат жыйынында аталган компаниянын башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу билдирди.
Анын айтымында, жаңы оператор рынокту өнүктүрүү жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн керек. "Канчалык көп оператор болсо, байланыштын сапаты жакшы болот. Ошон үчүн биз төртүнчү уюлдук оператор катары рынокко кирген жатабыз. "КТ Мобайл" бул "Кыргызтелекомдун" туунду компаниясы. Ал 2003-жылы түзүлүп, GSM стандартындагы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензияны алган", - деди Иманкадыр уулу.
Жакында "КТ Мобайлдын" жетекчилеринин айлык маяналары 300 миң сом деген маалымат интернетке тараган. Компаниянын өкүлү бул маалыматты четке какты. "Биз муну окуп күлдүк. Чындыгында бизде минималдуу айлык 18 миң сом, максималдуу - 157 миң сом. Орточо айлыктын көлөмү 35-40 миң сом. Азыр бизде 27 адам иштейт", - деди компаниянын башчысынын орун басары.
Ал "КТ Мобайлдын" рынокко чыгуусуна айрым операторлор тарабынан атайылап бут тосуулар болуп жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.