Эл аралык университет жеке капчыктарды толтуруучу мекемеге айланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.
Ал Билим берүү жана илим министрине кайрылып: "Ал жакта Индиядан келген студенттер медициналык билим алууда. Бизде билим берүү саясаты өзгөрүп жатат. Эмне себептен сиздердин министрликтин карамагындагы актив жеке адамдарга өтүп кетти? Айрым окуу жайларда медициналык факультеттердин ачылып жатканы, ошол эле Кантта да медициналык окуу жайлардын ачылганы айрымдардын капчыгын толтурууга багытталгандай", - деди депутат.
Буга Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева: "Бул маселе боюнча бир нече жолу комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы боюнча кагаз түрүндө жооп берейин", - деди.