Жалал-Абад облустук ооруканасына денеси көк ала абалда келип түшүп, учурда оор абалда жаткан 2 жашар кыздын апасы Орусиядан келди. Бул тууралуу облустук бейтапкананын балдар дарыгери билдирди.
Дарыгердин айтымында, кыздын апасы 14-майда таңга маал саат 5терде келген.
"Ал кызынын абалын көрүп көпкө чейин ыйлады. Биз аны 2 саат сайын киргизип турабыз. Орусияга ушул жылдын январь айында кеткенин айтып берди. Азыр эшикте кызына кирчү убакытты күтүп турат. Ал эми энеси менен эмне деп сүйлөшкөнүн, ортодо чыр чыкканын же чыкпаганын биле алган жокпуз", - деди дарыгер.
Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн.Учурда кыздын абалы оор. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертиза дайындалганын айткан.