Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Новопавловка айылындагы №1 мектептеги ата-энелер менен директордун ортосундагы пикир келишпестик боюнча маселе көтөрүлдү.
Аталган мектепте окуган мектеп окуучусунун апасы Алина Абдыжамалова учурда жүрүп жаткан текшерүү иштери окууга терс таасирин тийгизип жатканын айтты.
"Бул мектепте менин 3 балам окуган. Учурда кичүү уулум 10-класста окуйт. Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам окуу үзгүлтүккө учурап жатат. Ата-энелер учурда эки жаатка бөлүнүп калды. Азыр окуу жылдын аягы болуп калды, балдар экзамен тапшырышат. Аларды алагды кылбай, окуусуна көңүл буруу керек", - деди ал.
Буга Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева: "Тилекке каршы бул окуя орун алды. Учурда мектепте окуган балдардын ата-энелери эки топко бөлүндү. Алардын бири мектептин директорун колдошсо, экинчи бөлүгү аны кызматтан алууну талап кылууда. Учурда аталган мектепте тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө. Учурда мектеп директору убактылуу иштен алынды", - деди.