Саясат таануучу Медет Төлөгөнов: "Ооз ачуудагы окуя боюнча Тышкы иштер министрлигинин билдирүү жасашына түз себеп жок"

Эки күн мурун интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын Мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Анда ал: "Мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам", - деген. Бүгүн, 14-майда бул абал боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи туура реакция жасаган деп билдирүү таратты. Ал эми Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги жаралган абал боюнча комментарий бербей турганын билдирди.

SUPER.KG порталынын "Түрк элчиси менен муфтийдин окуясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин үн катпай жатканы туурабы?" деген соболуна саясат таануучу Медет Төлөгөнов төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги чыр-чатакты күчөтпөш үчүн реакция жасабай жатат.

"Түрк элчисинин сыны мамлекеттик эмес мекемеге айтылган. Демек, ТИМдин билдирүү жасоосуна түз себеп жок. Мамлекеттик мекемелер түздөн-түз аралашпаган окуяларга ТИМдин кийлигишкени негизсиз. Бирок элчинин "Түркия Кыргыз жергесине 35 миллион долларга мечит куруп берген" деп айтканы, ага жооп кайтарууга түрткү болушу мүмкүн. Менин оюмча, биздин ТИМ үчүн олуттуу билдирүү жасоого себеп жок, бирок ошол эле учурда Кыргыз өлкөсү ФЕТӨнү экстремисттик деп эсептебей турганын дагы бир ирет айтып коюуга болот. Ооз ачуудагы чыр-чатак эки тараптуу мамилени жакшы жактан көрсөтпөйт", - деди Төлөгөнов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Аалы Карашев, Максат Сабиров, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан