Эки күн мурун интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын Мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Анда ал: "Мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам", - деген. Бүгүн, 14-майда бул абал боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи туура реакция жасаган деп билдирүү таратты. Ал эми Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги жаралган абал боюнча комментарий бербей турганын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Түрк элчиси менен муфтийдин окуясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин үн катпай жатканы туурабы?" деген собол салды.
Депутат Чыныбай Турсунбеков мындай учурда эки тараптуу мамилени эске алуу зарыл экенин белгиледи.
“Негизи бул маселеде эки тараптуу мамилелерди эске алууга туура келет. Кандай гана иш-чара болбосун эки тараптуу мамилени эске алуу менен өткөрүү керек. Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги бул маселени талкуулап, пикир алышууларды жүргүзүп жатса керек деп ойлоп жатам. Жакында депутаттар тиешелүү комитеттерде бул тууралуу сурайбыз”, - дейт Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев, "Акылдуу чечимдер" аналитикалык борборунун башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев, Саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.