Депутат Аалы Карашев ооз ачуудагы окуя боюнча: “Кыргыз Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартип менен кайрылуу жасашы керек”

Эки күн мурун интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын Мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Анда ал: "Мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам", - деген. Бүгүн, 14-майда бул абал боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи туура реакция жасаган деп билдирүү таратты. Ал эми Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги жаралган абал боюнча комментарий бербей турганын билдирди.

SUPER.KG порталынын "Түрк элчиси менен муфтийдин окуясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин үн катпай жатканы туурабы?" деген соболуна депутат Аалы Карашев төмөнкүдөй жооп берди.

Ал ар бир мамлекеттин элчиси ошол өлкөнүн өкмөтүнүн күзгүсү болуп саналат деген пикирин айтты.

"Мен бул видеону интернеттен көрдүм. Элчини тааныбайт экенмин, видеодо анын сөзүн дагы башка киши которуптур. Түркчө түшүнбөйм. Эгерде ошонун баары чын болсо, Тышкы иштер министрлиги кандайдыр бир реакция кылышы керек. Андай деңгээлдеги дипломат киши өзүнүн эмоциясын коомчулукка мындай маанайда чыгарганы этикетке жатпайт. Нааразычылыгы болсо расмий түрдө билдириши керек. Ар бир мамлекеттин элчиси ошол өлкөнүн өкмөтүнүн күзгүсү болуп саналат. Окуя чын болсо Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартип менен кайрылуу жасашы керек", - дейт Карашев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев, саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан