Эки күн мурун интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын Мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Анда ал: "Мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам", - деген. Бүгүн, 14-майда бул абал боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи туура реакция жасаган деп билдирүү таратты. Ал эми Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги жаралган абал боюнча комментарий бербей турганын билдирди.
SUPER.KG порталынын "Түрк элчиси менен муфтийдин окуясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин үн катпай жатканы туурабы?" деген соболуна депутат Максат Сабиров төмөнкүдөй жооп берди.
Ал белгилегендей, бул расмий иш-чара эмес болчу.
“Түркия элчиси менен муфтийдин окуясы расмий иш-чарада же жолугушууда болгон эмес. Бул окуя ооз ачуу учурунда болгон. Абал расмий сүйлөшүүлөр учурунда болбогондуктан Тышкы иштер министрлиги үн каткан жок деп ойлоп жатам”, - дейт Сабиров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Аалы Карашев, Мирлан Жээнчороев, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев, саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикири төмөнкү шилтемеде.