Эки күн мурун интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын Мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Анда ал: "Мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам", - деген. Бүгүн, 14-майда бул абал боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи туура реакция жасаган деп билдирүү таратты. Ал эми Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги жаралган абал боюнча комментарий бербей турганын билдирди.
SUPER.KG порталынын "Түрк элчиси менен муфтийдин окуясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин үн катпай жатканы туурабы?" деген соболуна депутат Мирлан Жээнчороев төмөнкүдөй жооп берди.
Ал окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий бергени туура болмок деген пикирин айтты.
“Биринчиден жаран катары баамды берсем, эл аралык келишимдерге ылайык, чет өлкөнүн элчисинин өзүн алып жүрүү боюнча протоколу бар. Бул элчи дипломатиялык этиканы бузду деген ойдомун. Экинчиден, муфтият өзүнүн аппаратын карап чыгышы керек болчу. Мисалы, орус православ чиркөөсүндө сырткы катнаштарды куруу боюнча атайын адис бар. Ушундай эле адис Ватиканда да бар. Мындай эле адистер чоң ислам өлкөлөрүндө да бар. Бул кызматка илимий билими, тажрыбасы бар адамдар коюлат.
Атайын уюштурулгандай туура эмес иш-чара болуп калды. Түрк мамлекети менен мамиле куруп жаткандан кийин алар өзүнүн саясатын жүргүзөт, аны эске алуу керек. Биздин өлкөнүн да өзүнүн саясаты бар. Мисалы, биздин элчи Жаныш Бакиев отурган столго бирге отурмак беле? Мындай жагдайда биздин элчи ушундай кыла турган болсо, мен аны толугу менен колдомокмун. Ооба, ал ички маселеси, бирок ал мамлекети көрсөткөн көз карашы.
Негизи элчи өзүнүн этикетин сактап башкача чара колдонсо болмок. Маселени өзүнө айтышы керек болчу. Өз чөнтөгүнөн төлөгөнсүп такалап, туура эмес кылып, этиканы бузган. Бул жерде эки тарапта тең күнөө бар. Бирок ал элчи Кыргыз өлкөсүндө болгондон кийин эл аралык келишимдерге ылайык, этиканы сактоого тийиш.
ТИМ бул туурасында өзүнүн комментарийин берип койсо болмок. Биздин Конституцияга ылайык, биз светтик өлкөбүз. Муфтият мамлекеттик органдардын арасына кирбейт.
Ал жерде алып барган маселеси мамлекеттин саясаты менен айкалышпайт. Жасаган иш-аракети мыйзамга ылайык, карым-катнаш курууга өздөрүнүн ички тартибине ылайык, жооп бериши керек. Кыргыз өлкөсү Түрк мамлекети менен мамиле курат жана кызматташат жана тууганчылык мамиле курууну мындан ары да алкалайт деп башын катпай билдирүү таратышы керек болчу”, - дейт Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Максат Сабиров, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев, саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикири төмөнкү шилтемеде.